Мектеп чөйрөсүнүн коопсуздугу

27.11.2018

2018-жылдын ноябрында 350дөн ашуун регионалдык мектептердин администрациясы, райондук билим берүү кызматкерлери, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо маселелери боюнча дараметти жогорулатуу боюнча иш-чара уюштурулат.

Мектеп чөйрөсүнүн коопсуздугу жакшы гигиеналык шарттарды, таза сууну жана абаны, жакшы жарыктандырууну жана коопсуз имараттарды, зордук-зомбулуктун жоктугун жана тескерисинче октуунун толеранттуу атмосферасын камтыйт. Мектепте коопсуздукту камсыздоонун маанилүү аспектиси катары сапаттуу башкаруу таанылат, ошондуктан уюштуруу түзүмүн жакшыртуу максатында жана адамзатынын дараметин башкаруу үчүн республиканын бардык областтарында “Кыргызстандын мектептеринде билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу” темасы боюнча 21-семинар өткөрүлүүдө.

Семинарлар Европа Бирлигинин каржылык колдоосунда Кыргызстанда ишке ашырылуучу К.Аденауэр атындагы Фонддун жана “БИОМ” Экологиялык Кыймылынын “Кыргыз Республикасында коопсуз мектептик билим берүү чөйрөсүн каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулат. Долбоордун башкы милдети – Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарында коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү механизмдерин калыптандыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен жергиликтүү башкаруу органдарынын, социалдык өнөктөштүк уюмдардын жана жарандык коом, ошондой эле мектептердин ортосундагы сектор аралык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Читайте также